СУПЕРСТАН: "Кыздардын достугунун барынан жогу жакшыбы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздардын достугунун бары жакшыбы же жогубу? Силер курбуларыңарга ишенесиңерби?" деген тема талкууга алынган.

Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:

"Апаң, эже-сиңдиңдей эч ким дос болуп бере албайт. Миң жакын досмун десең да баары бир ортодо көрө албастык болот. Мен мурда бир кыз менен өтө жакын досмун деп ойлочумун. Бирок бир эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен анын кандай дос экени билинип калган. Достугубузду үзгөн эмеспиз, бирок дистанция кармап мамиле кылып калгам".

"Кыздарга караганда жигиттер менен көп достошом. Ыймандуу, акылдуу жана колунан келген жардамын аяшпайт. Апам "үлпөт тоюңда кыз чыкпай койбосун" деп күлүп калат. Жигиттердин көпчүлүгү сөзүнө турушат, ал эми кыздардын арасында андайлар саналуу гана. Тамашакөй, каалаган темада сүйлөшө алган кыздар бар, бирок алар менен курбу эмесмин".

"Кыздардын түбөлүктүү дос боло албашынын себеби - кыз баланын үй-бүлөгө алаксып калышы. Менин эң жакын курбум бактылуу да, кайгылуу да күндөрүмдө жанымда болгон. Бирок анын жашоосунда бороон-чапкын болуп жатканын билдирбептир. Биз бири-бирибизге моралдык колдоодон сырткары каржылык жактан да жардамдашып турабыз".

"Кыз баланын достугу бат эле салкындап калат экен, айрыкча турмуш курганда. Тандалган досторуң менен гана мамиле жасап каласың, ошондо да анда-санда. Бирок сен бойдок, ал турмушка чыккан же тескерисинче болсо, анда да түшүнбөстүктөр көп болот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ludimira
2018-01-11 02:42:37
Анда ким мн ушакташабыз...
0
Pandora
2018-01-11 03:27:50
Достуктан конулум калган,достордон коп азап чеккенмин((( Ар дайым "дос,дос"-деп журуп артымдан коп жолу бычак жегенмин,айрыкча жигит маселесине келгенде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан