Тажикстанда Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн алдына Орусияга көчүп кетүү боюнча арызын тапшырууну каалаган эки жарым миңге жакын киши чогулган. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери чогулган кишилерди кууп таркатты. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок. Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча Тажикстандагы өкүлчүлүгү жабылды. Имарат алдында милиция кызматкерлери нөөмөттө турушат. “Учурда каалоочулар Орусияга көчүп кетүү тууралуу арыздарын өкүлчүлүктүн веб-сайты аркылуу гана тапшыра алышат. Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин ыктыярдуу түрдө Орусияга көчүп барышына көмөктөшүү боюнча мамлекеттик программага алгач орус тилдүү жарандар гана илинсе, кийинчерээк Орусиянын жумушчу күчү тартыш болгон алыскы аймактарын эмгек ресурстары менен камсыздоо максатында башка улуттун өкүлдөрүнө дагы мындай мүмкүнчүлүктөр бериле баштаган”, - деп жазылат маалыматта.