Бишкекте өзүнүн 2 жаштагы баласын тепкен ата эркиндикке чыкты

Бишкекте өзүнүн баласын ичке тепкен атага карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Мындай өкүмдү Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов кабыл алды.

Өз баласын тепкен атанын жубайы сотко "эч кандай доом жок" деп тосмо арыз жазып берген.

"Алар бири-бирин кечиришип, чогуу жашай турган болду. Баланын акыбалы жакшы, денесинде эч кандай тактар жок. Ошол учурда жубайы ачууланганынан гана арыз жазып салган экен. Эми райондук соттун өкүмү 10 күндөн кийин күчүнө кирет", - дейт Жогорку Соттун маалымат кызматы.

Эске салсак, өткөн жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен.Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2 айга камакка алган. Октябрь райондук прокуратурасы айыптоо корутундусун бекитип, ишти райондук сотко өткөргөн.

Кийин анын Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келгени белгилүү болуп, коомчулукка тараган видеодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев аны жумушунан бошотуу боюнча буйрук чыгарган.

Бишкек ШИИББи: "Өз баласын тепкен ата видеону монтаж деп жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baktagul
2018-01-10 19:06:50
Жакшырак камаш керек эле
+2
nura.177
2018-01-10 19:15:22
Бизде озумдун балам озум билем деген тушунук калыптанып калганго. Ошондо балдардын укугун коргоочулар жокпу бизде, апасы арызды жазмактан жазсын факт турбайбы? Акчаны алды да жакшы баргыла дештиби
+2
RusMos76
2018-01-10 19:19:47
Видеону коргондон коркосун!
0
Nevestkaa
2018-01-10 21:55:45
Бизде ишти ачып кайра жаап кое берет.Башка мамлекетте тосмо арыз жазмак турсун түртмө арыз жазсаң да закондуу түрдө жазасын алмак.Акчаны берди да чыгып кетти да.
+1
sher.
2018-01-11 10:38:24
Жубайы кечирген менен баланы дагы уруп- теппейт деп ким кепилдик берет? Наристенин мындан аркы жашоосун ушул ата энеге ишенип кантип кайдыгер мамиле жасашат? Баланын укугун коргоо боюнча закон барбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан