"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жаркынбаев айылында каражаттын жетишсиздигинен таза суу түтүктөрүн оңдоо иштери бүтпөй жатат" дейт айыл өкмөтү

"Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында таза суу киргизүү иштери бүтпөй, жер казылган бойдон калып түтүктөр жарылууда. Айыл өкмөткө бул иштерди жасоо үчүн каражат бөлүнгөн", - деген билдирүүнү бүгүн, 10-январда "Элдик кабарга" окурман жиберген. Жаркынбаев айылынын айыл өкмөтү Урматбек Апсатаров бул маалымат боюнча жооп берди.

"Биздин айылдын суу системи СССР убагында, 1967-жылы салынган. Учурда алардын эксплуатациялоо убактысы аяктады. Түтүктөр эскирип, ичкерип калган, алар ар кайсы жерден жарылып жатат. Жыл сайын бюджеттен акча бөлүп, оңдоо иштерин жүргүзөбүз. Бөлүнгөн акча жетишсиз, аны эптеп бөлүштүрүп элди суу менен камсыз кылууга аракет жасап жатабыз. Каражат түтүктөрдү толук алмаштырууга жетпейт. Айрым жерлердеги түтүктөрдү жаңылаганга гана үлгүрөбүз", - деди Урматбек Апсатаров.

"Көчөлөрдү муз каптаганы боюнча да тийиштүү иштерди жүргүзүп келебиз. Мурунку аптада бир көчөдө түтүк жарылып, көчөнү муз каптады. Биз ал жерге экскаватор алып барганбыз. Бирок муздун калың болгонуна байланыштуу техниканын күчү жетпей калды", - дейт айыл башчы.

Айта кетсек, "Таза суу киргизүү иштери бүтпөй койду. Бул үчүн айыл өкмөткө акча бөлүнгөнүн билебиз. Ар кайсы жерин чукуп, толугу менен жасашпайт. Кыш ортолоп калды, элде суу жок. Кыштын суугунда суу түтүктөрү жарылып, суу чыгып жатат. Ал тоңуп, муз болуп калган. Көчөдөн машиналар өтө албайт. Кечинде тайгаланып жыгылып, колу-бутун сындыргандар бар. Бул маселеге аким көңүл буруп койсо дейбиз", - деген окурман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2018-01-10 23:00:02
Онугуу айылдан башталат, ажобуз Нарында журот эртен силерге барат кыймылдагыла!
0
almanbetperm
2018-01-10 23:05:34
Анан кийинки шайлоодо барат. )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан