Европа биримдиги өлкөнүн билим берүү тармагы үчүн убадалаган 10 миллион еврону которду

Европа биримдиги Кыргыз мамлекетинин бюджетине өлкөнүн билим берүү тармагы үчүн убадалаган 10 миллион еврону которду.

Маалым болгондой, каражат Кыргыз өлкөсүнүн Каржы министрлигинин эсебине өткөн жылдын 30-декабрында түшкөн. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, бул каражат гранттык негизде бөлүнгөн. Жалпысынан Кыргыз Республикасына бюджеттик колдоо көрсөтүү программасынын алкагында 36 миллион евро которулат. Ал каражат 2020-жылга чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга жумшалат.

2018-жылдагы программанын негизги максаты - жалпы жана профессионалдык-техникалык билим берүү системин реформалоого көмөк көрсөтүү, билим берүү жана педагогдордун кызматын жана мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртуу. Мындан тышкары жаңы окуу китептерин сатып алып, мектепке чейинки билим берүү тармактары каржыланып, бардык мектептерге интернет орноштуруу пландалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
altynka95
2018-01-11 00:29:04
Чондор чонтоко салганы шашат Эми
+10
Tynybek1989
2018-01-11 00:49:29
Мммм эми ынсап берсин.Айткан создорун унутпасын.
+7
Reakciya
2018-01-11 00:59:44
Бул акча ошондоле ордун тапса керек.
+6
Istina1000
2018-01-11 01:07:42
Эми, айтылган дарегине эле иштетилсе, ийги....
+4
Ask094
2018-01-11 01:33:51
Депутаттаар дароо болушуп алгыла эми. Бизге айтып мактанбай эле ошол жакта болушкулочу эч кимге айтпай
+6
kilim
2018-01-11 02:01:27
Ошондо ар бир чиновнике 8 мин евродон тийип калат экен
+6
Atas
2018-01-11 02:20:20
Эч ишенбейм ушул акчалар тоолук жумшаларына
+1
aibars
2018-01-11 02:24:13
Анда китепти акча толоп арендага берилет дегенди жок кылышсын.
+3
Pandora
2018-01-11 03:28:46
Качаан эле пландаоы тузулуп болгондур
+2
nurbekasr
2018-01-11 04:08:38
Аа жетимдер десе акчаны эртелетип алдыртыпсыңар жарым жартылай болсо да.Жаңы жылдан кийин ачка калган окшойсуңар мёртвый сезондо соода жок дегендей.Билим берүү тармагы деп шылтоо менен алдыртбай эле,кара курсак тармагы десеңер бат анан да көп которушат эле 100млн евро.Ушул жерден да башыңар иштебей калыптыр.Мындан ары сөз жок силерге...
+4
Nevestkaa
2018-01-11 09:59:35
Чоңдор бир жыргайт экен да бөлүшүп алып.
+1
fantomas
2018-01-11 11:17:24
Бул акчаларлын болбоду дегенде жарымы чондордун кулкунуна кетет, ал турган соз, калган жарымы максатсыз нерселерге жумшалып ордун табат... Анан эртен эле китеп бастырышыбыз керек, 250 сомдон китепке ижара акысын бергиле деп чыгышат уялбай!!!

Озу ар бир иш учун карыз алып отурушат, анан уялбай жуз миллиондоп, миллиарддап акча коротуп кочмондор оюнун откорушот имиш!!! Уят да уят.... Арсыз бийлик, намысы жок бийлик, мээси .... Бийлик!!! Мындай бийликтин бизге кереги жок!!!
0
Nurik1988
2018-01-11 23:22:12
Кайф жашоо силердики болдуго. Акчанар калбаганда бир жагынан ала каласынар. Башка олколордон уяалып олбодунор силер.
0
Nurik1988
2018-01-11 23:23:15
Мирзаевтей адам президент керек екен бизге кичине убакта кандай озгоруу кылып салды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан