Өкмөттө жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кеңешмеси өттү

Кечээ, 10-январда өкмөттө жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү мурдагы кеңешменин учурунда берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулады. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы кошумча түрдө 169 штаттык бирдикти киргизген. Башкы башкармалыктын башчысы Канат Жумагазиевдин айтымында, кызматкерлердин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигине байланыштуу көптөгөн жол тилкелеринде коопсуздук тийиштүү түрдө камсыздалган эмес.

Андан соң Канат Жумагазиев айдоочулардын жол эрежелерин билүүсү текшерилгендигин маалымдады.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, башкы башкармалык акыркы эки жума ичинде кызматкерлерди кошумча окутуудан өткөрүүдө.

Премьер-министр Сапар Исаков айдоочулардын жолдогу жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

"Башкы башкармалык кызматкерлери жол кыймылы катышуучуларын негизсиз токтотпоосу боюнча такталган тутум иш алып барышы керек. Ал эми айдоочулар өз кезегинде жеке жоопкерчилигин сезип, жол эрежесин бузбоосу шарт. Башкармалыктын кызматкерлеринин бардык аракеттери так регламентке баш ийиши керек", - деп белгиледи Сапар Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан