Жогорку Кеңеш мектептердеги окуу жумалыгын 5 күнгө өткөрүүгө багытталган мыйзамын жактырды

Кечээ, 10-январда Жогорку Кеңеш мектептердеги окуу жумалыгын 5 күндүк ченемге өткөрүүгө багытталган мыйзамын үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоордун демилгечиси КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев.

Ага ылайык, окутуунун 5 күндүк ченеми ишке кирсе, ал жеке менчик мектептерге дагы тиешелүү болот. "Мектептерде алты күндүк окутуу мугалимдерге жана окуучуларга ашыкча түйшүктөрдү жаратат. Окуучулар үчүн ар кандай спорттук секцияларга, ойдогудай эс алуу үчүн убакыт калбай калат. Окуучу жумасына алты күн бою билим алуу менен, дем алыш күнү үй тапшырмаларын аткаруу менен алектенет. Ошондой эле мугалимдер да дем алыш күндөрү берилген башка тапшырмаларды текшерүүгө муктаж болушат. Андыктан мугалимдерде эс алуу үчүн бир да күн болбойт", - деп жазылат мыйзам долбоордо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kg.arts.
2018-01-11 07:17:14
Эми качан ишке ашат.
+1
chyrok
2018-01-11 08:53:45
Ошондой болсо жакшы болмок
+1
kilim
2018-01-11 09:22:48
Ансыз деле 5 кун окуп атышат го
-1
jypara1415
2018-01-11 16:15:48
kilim, башталгыч класстарды
айтып жатат окшойсунар .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан