Бүгүн депутат Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум уланат

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралат. Кечээ, 10-январда соттун курамы толук болбогондугуна байланыштуу жылдырылган.

Буга чейин Аида Саляновага врачтар "жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү" деген диагноз коюшканын айткан жактоочусу соттон отурумду 1 күн бою созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RNA78
2018-01-11 08:49:15
Аида эжем бугун да ооруп калам деп ниет кылып койсо керек
+2
Batma.Sh
2018-01-11 09:25:52
RNA78,Же,толук келбей калышат.))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан