Аксыда 400 мектеп окуучусу 100 орундуу бала бакчанын имаратында 3 мөөнөт менен окуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алмаз Эргешов айтты.
Эл өкүлү 2018-жылды өлкө башчысы "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаганын белгилеп, аймактардагы маселелерди чечүүгө мезгил келгенин айтты.
"Президентибиз 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялап, айыл аймактарды өнүктүрүү милдетин алды. Мен айтчу маселе ушул аймактар жөнүндө. Аксы районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө Жар-Башы деген айыл бар. Ал айылда 3200дөн ашуун калк бар, мектеп жок. 100 орундук бала бакчанын имаратында 400 окуучу 3 нөөмөт менен окуйт. Бул айылда 25 жылдан бери бир дагы социалдык объект, оорукана, мектеп, спорт зал курулбаптыр. Ошондуктан жок дегенде долбоорлоо иштерин баштасаңыздар", - деди Эргешов.