"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Баткендеги Күмүш шаар деген үңкүрдү музейге айландырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мурда күмүш же алтын өндүрүлгөнбү азырынча белгисиз? Ушул боюнча изилдеп, жыйынтык чыккан жок. Райондун, айылдын жетекчилери инвестор таап же өкмөткө кайрылып, үңкүрдү музейге айландырып койсо жакшы болот эле", - деди эл өкүлү.
Мындан тышкары депутат Бишкек шаарындагы "Тазалык" ишканасы жакшы иштеп жатканын айтты. Ал Жаңы жыл майрамынан кийин аянттан 10 тонна таштанды чыгарылганын мисал келтирди. Жамалдинов аталган ишкананын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.