Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөт аймактардагы мугалимдерге жетиштүү көңүл бурбай жатканын айтты. Депутат жаштардын келечеги мугалимдердин тажрыйбасынан көз каранды экенин белгилеп, аларга өкмөт көңүл бурса деген пикирде.
"Президент 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Мектеп, социалдык объектилерди жаңылоону колго алуу керек. Окуучунун билим деңгээлин көтөрүү үчүн мугалимдердин тажрыйбасы, сабаттуулугу маанилүү. Ошондуктан мугалимдерге чет өлкөдөн тажрыйба алуусуна, жылына Ысык-Көл облусуна эс алдырып, ден соолугун чыңдоосуна көңүл буруш керек. Ушул депутаттарды, бардык аткаминерлерди окутуп, тарбиялаган - мугалимдер. Ошондуктан алардын айлык-маянасын жогорулатып, кесипкөйлүгүн арттырууга өкмөт көңүл бурушун талап кылат элем", - деди Икрамов.