Депутат Орозова: "Аймактардагы жарандарга арзан насыяларды берүү керек"

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова аймактардагы жарандарга арзан насыяларды берүү керектигин айтты.

"Президенттин жарлыгы менен 2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланды. Аймактар өнүкпөсө биздин мамлекет өнүкпөйт. Бул жарлык чыгып, өкмөткө тапшырмалар берилди. Буга карата өзүмдүн сунушумду айта кетсем, аймактарда эң башкы көйгөй - бул жумушсуздук болуп эсептелет. Жумушсуздуктун айынан мигранттардын саны көбөйүп жатат. Ошондой эле социалдык абал начар. Мындай көйгөйлөрдү жоюу үчүн арзандатылган насыялар берилиши зарыл. Бирок ар бир банкта шарттар ар кандай экен. Ошондуктан бардыгын бир тартипке салыш керек. Аймактагы жарандарга арзандатылган насыяларды берсек жакшы болот эле. Мындан тышкары аймактагы мугалим, дарыгерлерге кызматтык турак жай куруу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан