Депутат: "Паспортту каттоого коюуда, жарандык алууда коррупция күч"

"Паспортту каттоого коюуда, жарандык алууда коррупция күч", - деп бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Надирбек Каримов билдирди. Эл өкүлү өкмөткө кайрылып, бул багытта натыйжалуу иш-чараларды көрүүгө чакырды.

"Бүгүн мамлекеттик каттоо кызматында болуп жаткан маселелер. Паспорттук столдо, элди тейлөө борборлорунда болуп жаткан маселени көтөргүм келди. Тейлөө борборлору ачылгандан кийин коррупциялык схемалар токтойт деген элдин үмүтү бар болчу. Бирок паспортту каттоого коюу маселесинде да, видеокөзөмөл турса деле адамдардын маселесин жасалма жол менен чечип, акча бермейин ишин бүтүрбөй жатат", - деди Каримов.

"Жарандык алуу маселесинде да элдин мыйзамды билбегендигин пайдаланып, ар түрдүү шылтоолор, ойлоп табылган схемалар боюнча коррупция күч алып жатат. Бул бардык аймактарда болууда. Мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо органдарынын баары билет, бирок буга каршы эч ким аракет кылбай жатат. Мен өкмөткө тапшырма катары айткым келет, бул боюнча жыйынтык чыгарышыбыз керек", - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazgul90
2018-01-11 11:07:47
Оба аЯбай куч мен паспорт срок буткон еле 10 150$ алдым 2 апта да !!
0
jugorsk
2018-01-11 11:19:36
Ачык эле коркпой алып жатышат каратып туруп
0
Nestana95
2018-01-11 11:32:37
Кичинекей наристе торолгондо коррупция м.н кошо торолуп атат..башкача айтканда боюнда бар кезде жакшы кара учун акча беруу...коз жарам деп турганда олуп калбайын деп беруу...чыгып баратып дагы беруу.....документ алабыз деп дагы беруу...айтоор акча акча акча
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан