Депутат Нурматов сааттын жебесин бир саатка артка жылдырууну сунуштады

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Кубанычбек Нурматов сааттын жебесин бир саатка артка жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мурда сааттын жебеси жылып турчу эле. Акыркы убактарда сезонго карап жылбай калды. Биздин балдар мектептерге эртең менен саат 7:00дө уйкусурап жөнөп жатышат. Караңгыда жол кырсыктары болууда. Бир саатка артка жылдырсак туура болот эле. Өзбекстандыкы бир саат артта, биздики дагы бир саат артта болсо балдар мектепке жарыкта барып калышат эле", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kuba.kq8705
2018-01-11 10:57:36
туура айтат мурда ушундай болчуго
+11
Dalil
2018-01-11 11:05:15
Сөзсүз саатты артка жылдырып баарын жүдөтүүнүн кереги жок. Андан көрө билим берүү мекемелери бир саат кийин сабактарын баштаса болбойбу?
+9
juma11anara
2018-01-11 11:19:20
Ай ий байкуш депутат байкелер силерге эле кыйын. Балдарыңар мектеп жөө барышат суукта, караңгыда.
+14
urmat-87
2018-01-11 11:35:47
juma11anara,туура айтасыз бечара депутаттар кызматтык унаалары жок, балдарын школго жөө алып барып кайра жумушка деп кыйналып жатышат бейм, биз канча жылдан бери үйрөнүп калдык, жарым саатка эртерээк турса баарына жетишет.
+3
omurbek1990
2018-01-11 11:41:14
Эшектин жугу женил болсо жаталак болот. Депутаттар только озунун проблемаларын алып чыгып калдыго акыркы убакта.
+1
Alixan-Nookat.2015
2018-01-11 12:20:22
omurbek1990, Депутаттын көйгөйү эмес карапайым элдин да көйгөйү болуп жатат. Менин балам саат 7де кетет сабакка караңгыда эртең менен суук, жол тайгак, жолдо иттер бар кооптоносун.
+12
Nurmat92
2018-01-11 11:43:50
Саат жылгандан эч өзгөрүү болбойт андан көрө мектептерди бир саатка алдыга жылдырыш керек. Айыл жергесиндеги бөбөктөрүбүзгө бирааз коркунуч болуп турат. Себеби азыркы тапта карышкырлар топтолуп жаткан учуру. Бул убакта карышкырлар айылга чейин түшүп келишет. Кол салабы деп коркосуң
+1
mari20
2018-01-11 11:49:20
Бир чети туура эле айтыптыр.Кичинекей 2кызымы ыйлатып 7де тургузам садикке алып барганы.Карангы,суукта темселетип 7.30 чыгабыз уйдон.
+9
sagyn932
2018-01-11 12:11:21
Кошулам эң жакшы болмок .
+4
Ibragim06
2018-01-11 12:53:10
Менин оюмча мектептикин жылдыруу керек.бардык саат жылса адамдын психикасына зыяны тиет деп уккам.
-2
kechirmeni
2018-01-11 13:15:32
рысбек! мен да колдойм
0
Zulya2
2018-01-11 13:19:14
Мектеп садиктер жылса соонун болмок бирок кээ Бир Ата энелер экоосу Тен иштейт алардын балдары кечирээк барса оздору эрте кетсе анда жаман элего
0
nurbekasr
2018-01-11 14:02:26
Туура айтат депутат.Саатты жылдырбаса сыртта капкараңгы ит куш дегендей жолдордо.Илгери саат жылып турчу эле,эми эле жаңыкыргыздар башкача болушуп.
+1
Totyua.71.
2018-01-11 15:20:30
эртен мененкини жылдырсанар ,кечкисин андан да карангы болот17:20кеч кирет кышкысын,анда сабактар отулбой калат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан