Депутат: "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейин Балыкчы-Корумду жолун бүтүрүү зарыл"

КСДП фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекова III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейин Балыкчы-Корумду жолун оңдоп бүтүрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөйүн деп турабыз. Мында өкүндүргөнү - бул жол маселеси. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жылы Балыкчы-Корумду жолу башталган. Андан бери эки жылдай өттү. Ошондон бери жол бүтпөй турат. Жол биздин мамлекеттин кан-тамыры болуп эсептелет. Канчалык жолдорубуз жакшы болсо туристтер дагы ошончолук көп келет. Эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакшы өткөрүү үчүн эң биринчи жолго көңүл буруу керек. Аз убакыт калды. Азыртадан баштап жолду оңдоп баштоо зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tuki
2018-01-11 11:22:24
Дей берет да баары тен кана башталганы эч ким жок
+2
Muratmipa
2018-01-11 12:03:37
Ошо кочмондор оюндарын жон эле койбодунар бекер эле акчагы асманга сапырбай
+2
nurbekasr
2018-01-11 12:11:36
Эптеп чала була бүтүрө коюшат да,бир жылга жетбей бузулат.Көчмөндөр оюну деп кыны таап алышты чиновниктер,миллиондогон акчанын баары ушул оюнда ойнолот да сол чөнтөккө солонуп.
+3
Muratmipa
2018-01-11 12:16:27
nurbekasr,ошону айтсан куйдурду андан коро ошого кеткен акчаны башка толтура проблемалар бар ошолорду чечиш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан