Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов быйыл Баш мыйзам менен улуттук валютанын 25 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнү сунуштады.
"5-май - Баш мыйзамдын кабыл алынган күнү, 10-майда улуттук валюта кабыл алынган. Баш мыйзам, валюта демократиянын өзгөчө артыкчылыгы. Быйыл ушул улуттук валюта кабыл алынганына, Баш мыйзамдын кабыл алынышына 25 жыл болот. Бул маанилүү даталарды белгилөөгө өкмөт тарабынан кандай иш-чаралар өтүп, канча каражат бөлүнөт? Биздин эгемендүүлүгүбүздү аныктаган улуттук валюта менен Баш мыйзамдын 25 жылдыгы жогорку деңгээлде өтүшү керек деп эсептейм", - деди Икрамов.