Депутат Кыргыз-Өзбек чек арасынан өтүү үчүн жарандардан 500 сомдон алынып жатканын айтты

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Надирбек Каримов Кыргыз-Өзбек чек арасында жарандардан ары берүү өтүүсү үчүн 500 сомдон акча алынып жатканын айтты. Эл өкүлү мындай мамилеге карата чара көрүү керектигин айтып, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылды.

"Кыргыз-Өзбек чек арасы жакшы иштеп жатат. Бирок ошол эле коррупция, ошол жердеги жасалма механизмдер, шылтоолор ойлоп табылып, эл акча берүүгө мажбур болуп жатат. Мурда чек арадан өтүү 200 сом болсо, азыр 500 сом болуп жатканын эл айтып жатат. Кечээ эле мен эл менен жолугушканда бул маселени айтышты. Ушул көйгөйдү карап койсоңуздар", - деп өкмөткө кайрылды Каримов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuyoo_bala
2018-01-11 11:40:07
Жазалаш керек,карапайым элге эле кыйын.Кудай берди пограничниктерге,андай болбойтда...арам тамак
+1
wwwbaxa
2018-01-11 11:49:58
Коррупция элдердин да мээсине куюлуп калган,копчулук адамдар акча бермейин эч нерсе бүтпөйт деп ойлошот.Ушул нерсени өзгөртүш керек
+1
kriss120
2018-01-11 11:52:22
Туура алып жатат. Чайга акчаташтап кет деп ачык еле алып койоткен.
0
baisogur
2018-01-11 12:09:23
Өзбектерден акча алып өткөрөт Кыргыздар бекер эле өтөт деп койбоптур депутат өзбекпи деймда
+1
eddi.kg
2018-01-12 07:59:03
Бажы кызматкерлери байып жатыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан