Депутаттар Орусияда 9 миграциялык өкүлчүлүктү ачууну колдошту

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы миграция чөйрөсүндөгү өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү маселеси каралды. Тиешелүү мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, бул долбоор менен Кыргыз миграция кызматы Орусия аймагында дипломатиялык кызматкер статусуна ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Ошону менен бирге, Орусиянын Бишкек жана Ош шаарларындагы 2 өкүлчүлүгү мыйзамдуу бекитилмекчи.

Депутаттар Тышкы иштер министрлигинен мындан ары да Орусияда эле эмес, чет өлкөлөрдүн баарында өкүлчүлүктөрдүн санын көбөйтүү чараларын колго алууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kyrgyz.kg83
2018-01-11 12:04:38
Өкүлчүлүк ачкандан көрө,жумуш орундарын ачпайсынарбы Кыргызстанга,андай ой жок бир да депутата
+10
JaneEr
2018-01-11 12:08:47
Саны коп сапаты жок болушуп
акча эле кетет.Кыйратып иштешпесе...
Элчиликти жакшылап иштетип алышсын биринчи...
+10
Alixan-Nookat.2015
2018-01-11 12:10:54
Эч нерсе чечпейт бекер эле акча коротушат.
+6
Дарыгер
2018-01-11 12:49:13
Элчиликти ачуу Жана иш жургузуу тартиби жонундогу мыйзам долбоорун озубуз сунуштасак окшойт. Мигрант ар комитетин тузуп аракет кылып корбойлубу
+1
mederkg
2018-01-11 12:51:52
120сын тең алып келип дворго иштетиш керек да буларды анан түшүнөт элчилик ачбай эле өзүбүзгө иш орундарын ачыш керек экен деп ато курсактары ток чөнтөгү толо акча.мекендин кадырына жетбейт болбосо булар биринин аркасын бири чукулап отура беришет
+7
Aikoo2014
2018-01-11 13:40:56
9 эмес 100 окулчулук ачса деле кыйратып иштебегенден кийин эмне кереги бар. Андан корокчо Кыргызстанда иш орундары бар ишкана ачып бергиле. Оз жери оз элинде бала чака ата-энесинин жанында иштей беришет. Санды кобойткон менен сапат жок.
+5
RusMos76
2018-01-11 14:36:38
Мигранттардын акчасын сордуртуп ачып койгондо пайда жок, устунон катуу козомол керек окулчулуктун аз болсо дагы.
+2
Azatbek83
2018-01-11 15:43:18
Булар эптеп окулчулук ачалы дешсе мекенге кайтыш умутту узуп эле койуш керек экен!Аларга биз талаалап жакындарыбыздан алыстап иштеп журсок бюджете акча тушсо иш жок дегендер жок болсо баш оорутпай ошол жакта журушсун дегениби?!Акмактар качан Адам болуп мекенден ишсиздикти жойосунар Ата-Эненер балдарынар бизге окшоп талаалап журсо ошондо коросунор жакында ошондой болосунар!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан