Депутат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазга карата даярдыгын кароону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаз мезгилине карата даярдыктарын текшерүү үчүн парламенттик күн өткөрүүнү сунуштады. 2017-жылдын 5 айында өлкөдө 158 табият кырсыгы катталганын айтып, анын 90 пайызы Өзгөн районунда болгонуна токтолду.

"Бул табият кырсыктарынын натыйжасында 34 адам каза болду. Азыр январь айы болсо да мен ӨКМны парламенттин алдына чакырууну сунуш кылат элем. Биз өткөн жылы жүз берген кырсыктардан кийин эмне жумуштар жүргөнүн, мындан ары кандай алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билишибиз керек", - деди депутат.

"1,8 миң үй-бүлөгө жер тилкелери берилди. Бирок 5 миң үй-бүлө бүгүн да кооптуу аймактарда жашап жатат. Биз алдын алуу жумуштары менен адам өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн экенине күбө болдук. Жарандарга табият кырсыктарынын кесепеттери, сактануу боюнча окутууларды өткөрүү керек", - деп кошумчалады Касымалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek.94
2018-01-11 15:19:43
Жаз эмес кыштын камын көрүп алсын биринчи,бишкектин көчөлөрү лыжа менен жүрө турган абалда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан