Санжар Муканбетов вице-премьер болуп дайындалды (өмүр баяны)

Санжар Муканбетов вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы 12-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

1994-1995-жылдары "Жанар" акционердик коомунун инженери;

1995-1996-жылдары "ТНК Дастан" заводунун инженери;

1996-1998-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу агенттигинде алдынкы адис, биринчи категориядагы адиси;

1998-1999-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде башкы адиси;

1999-2001-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү агенттигинде чет элдик жардамды координациялоо башкармалыгында бөлүм башчы, жетекчи орун басары;

2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестицияны башкаруу программасынын жетекчи орун басары;

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору, мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын башчысы;

2005-2007-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын жетекчиси;

2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;

2010-2014-жылдары экономика министринин орун басары;

2014-жылдан тарта финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан