"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei" компаниясы ишке ашырат

"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Тиешелүү документке бүгүн, 11-январда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов кол койду. Келишимге кол коюу иш-чарасы өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышуусунда өттү.

“Коопсуз шаар” долбоору милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган. Муну менен катар террордук жана криминалдык коркунучту алдын алуусу керек. Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулат. Аны ишке ашырууга 60 миллион АКШ доллары инвестицияланган.

Мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасы 2017-жылдын апрель айынын башында жарыялаган. Долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү. Программанын алкагында “Коопсуз шаардын” ордуна “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
FIFA7
2018-01-11 20:52:36
Мунунарды да эптеп иштете албай, 1,2 жылдан кийин жарымынан кобу бузулуп, тартпай, иштебей эле солокоту турган болот сталбалардын башында. Дайыма активдуу иштетиш колунардан келбейт паракорлор силердин, себеби ондоого болунгон акчаларды уруп коюшунарга 100% гарантия).
+8
datkayimjan
2018-01-11 20:59:02
Миллиондорду креслолорго,балатыга корото бербей,ушундай маанилуу нерселерге жумшагылачы
+3
aerforce
2018-01-11 21:10:20
хуавейди АША алып келет деп чыкпады беле бизнеси ошонуку ошол учун ар бир остановкада рекламасы чапталган
+7
RusMos76
2018-01-11 22:09:15
Кулаган учакта Huahei болсо керек да аттин...
+3
kai42444
2018-01-11 22:36:01
Чын бул программа иштешиикыйынга турат анткени шаарды билбеймин го бирок райондун центрлеринде жол чырактары иштебейт мисалы Ала-Бука районундагы сфетофор 5-6 айдан бери иштеп атканын королекмин
Бирок бул программа он жагынан иштесе эн биринчи МВД менен айдоочулардын ортосундагы паракорчулук жойулмак 60%га
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан