Бүгүн, 12-январда өкмөт башчы Сапар Исаков Талас облусуна иш сапары менен барды. Өкмөт башчыны вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев коштоп жүрөт. Күн тартибине ылайык, Исаков Кара-Буура районундагы Шекер айылында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракеге катышат. Андан соң Манас районунда жайгашкан Май айылында ачылып жаткан Ш.Кочкорбаев атындагы мектептин кызыл лентасын кесет. Өкмөт башчы түштөн кийин Талас мамлекеттик университетинин эмгек жамааты, студенттер менен жолугат.