Бүгүн, 12-январда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында коррупцияга каршы туруу саясатын ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу каралды.
Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбеков депутат Кенжебек Бокоевдин суроолоруна жооп берип жатып, жасалма паспорт боюнча бир дагы чиновникке кылмыш иши козголбогонун билдирди.
Кенжебек Бокоев жасалма паспорттор боюнча резонанстуу окуялар болуп жатса дагы бир дагы чиновникке кылмыш иши козголбогонуна нааразы болду. “Кытайлык жарандар Кыргыз мамлекетинин паспорту менен кармалды. Бул бир эле жолу болгон жок. Бирок иш аягына чыкпай жатат”, - деди ал.