"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенден кийин гана мандатынан ажыратылат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Мыйзамда шаардык, облустук, райондук соттун чечими деп жазылган эмес. Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенден кийин гана депутат мандатынан ажыратылат. Мисалы, процедура боюнча айта турган болсом райондук соттун чечиминен кийин шаардык сотко кайрылбаса анда өкүм күчүнө кирген болуп эсептелет", - деди Бекматов.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.