5-июнда Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде “Балдарды коргоо, энелерди колдоо” деп жарыяланган бир айлыктын алкагында кол өнөрчүлөрдүн буюмдары коюлган көргөзмө болуп өттү. Облустун бардык райондорунан келген уздардын эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлуп, иш-чара концерттик программа менен коштолду. Облус жетекчиси Койсун Курманалиева менен шаар башчысы Анарбек Кушубеков да иш-чаранын күбөсү болушту.