Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Аткарылган жумуштар менен таанышып чыккан президент музейди керектүү экспонаттар менен толуктоо боюнча сунуштарын айтты.

"Бүгүнкү күндө жалпы курулуш иштери жыйынтыкталган. Эми көргөзмө материалдарын орнотуу жана жарык берүүчү жабдууларды жакшыртуу боюнча жумуштар калды. Музейдин дубалдары, имараттын чатыры толугу менен оңдоп-түзөлдү, инженердик тышкы жана ички коммуникациялары толук алмаштырылды, жабдыктар жана медиалык комплектациялар орнотулду. Жаңыланган Мамлекеттик тарых музейинин ачылышы 2018-жылдын март айына пландаштырылууда", - деп айтылат президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан