Сапар Исаков кино ишмерлерине өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды

Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 13-январда Эстониянын Таллин шаарында өткөн "Темные ночи" – "А" классындагы Эл аралык кинофестивалында Гран-при сыйлыгына ээ болгон "Түнкү кырсык" тасмасынын чыгармачыл тобун кабыл алып, аларга алкыш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Сапар Исаков белгилегендей, ата мекендик кинематографисттер өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошууда.

"Өкмөттүн "Жаңы доорго – кырк кадам" программасында ата мекендик киномектепти түзүүгө арналган атайын кадам каралган. Биздин максатыбыз – өлкөдө искусствону, кинону, ошондой эле актёр жана режиссёрлордун жеке өсүүсүн өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн кыргыз киносунун мурдагы атагын кайтаруу болуп саналат. Кино аркылуу биз дүйнө жүзүнө кайталангыс өлкөбүздү тааныта алабыз. Ошондуктан биз киномектепти өнүктүрүүгө орчундуу каражаттарды салабыз. Бирок алгач кинематографисттердин иштөөсү үчүн материалдык жана инфраструктуралык жаатта бардык шарттарды түзүүбүз керек.

Сиздер заманбап жана бардык тийиштүү жабдуулар менен камсыздалган имаратка келип, чыгармачылык менен алектенишиңиздер зарыл. Учурда киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан каражаттар кинематографияны өнүктүрүүдө жетишсиз болуп саналат. Биз киноиндустрияга салмактуу каражаттарды бөлөбүз жана ал аталган тармакты өнүктүрүүдө революциялык кадам болуп калат", - деп белгиледи премьер-министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө Исаков режиссёр, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирбек Бирназаровго, Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыковго, коюучу-сүрөтчү Байышбек Исмановго, коюучу-оператор Кобилжон Хамидовго өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан