Депутат дүкөндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштар арзан баада сатылып жатканын айтты

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаев дүкөндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштар арзан баада сатылып жатканын айтты.

“Бишкек шаарында мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштар арзан баада сатылып жатат. Борборубузда ушундай болуп жатса, өлкөнүн аймактарын айтпай эле коёюн. Мөөнөтү өтүп кеткен тамак-ашты алган эл ууланып, ооруп, каза болуп жатат. Аны көзөмөлдөгөн эч ким жок”, - деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдиргендей, аталган министрлик бул боюнча арыз түшкөндөн кийин текшерет. “Бул боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жооп бериши керек. Биз арыз түшпөсө текшергенге уруксатыбыз жок”, - дейт министр.

Руслан Казакбаев бул маселе боюнча көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан