Парламент комитети тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарды

Бүгүн, 15-январда парламент комитетинин жыйынында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Бул боюнча баяндаманы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жасады.

“Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаев Талантбек Батыралиев берилген суроолорго жооп бере албаганын айтты. “Бул мыйзам долбоорун артка кайтаруу керек. Тийиштүү жооп ала алган жокпуз. Министр бул агенттик же бул кызмат жооп берет деп, суроолорго жооп берген жок. Ошондуктан тармактык комитет мыйзам долбоорду жактыргандан кийин карайлы”, - деди Казакбаев.

КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов дагы мыйзам долбоорду артка кайтаруу сунушун айтты.

Алардын сунушун депутаттар колдоп, мыйзам долбоор артка кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан