“Коомдук тамактануучу жайларда тамактар кардардын көзүнчө даярдалган методго өтүшүбүз керек”, - деди бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов.
“Акыркы учурларда жарандардын уулануусу көп катталууда. Кореяда тамак-аш кардардын көзүнчө даярдалат. Алар тамак эмне менен, кантип жасалып жатканын көрө алат. Бизде болсо кардарлар көрбөгөн жерде даярдалат. Эмне үчүн мындай сунушту Саламаттыкты сактоо министрлиги көтөрүп чыкпайт? Бир-эки жылда бул демилгени ишке ашыруу мүмкүн эместигин билем, бирок 5 жылдык планга киргизүү зарыл”, - деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жеке менчик тамактануучу жайларды министрлик Экономика министрлигинин жана соттун чечими менен эле текшере ала турганын айтты.