ӨКМ: "Бишкек-Ош жолу бардык унаалар үчүн ачык"

Бүгүн, 15-январь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолу бардык унаалар үчүн ачык экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, "Арал" жана "Сосновка" постторунда жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө.

"Аталган унаа жолдун ашууларында тыгылып калган оор жүк ташуучу унааларды тартып чыгаруу максатында Генералдык Штаб тарабынан бөлүнгөн 2 даана МТ-ЛБ аскер чиркегич унаасы Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында (Итагар) жана 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) нөөмөттө турат. Ашууларда кар жаап жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан