Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кечээ, 14-январда баскетбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку жана Биринчи Лигадагы чемпиондугунун 3-туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баскетбол федерациясынын башкы катчысы Тимур Талканбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдын жаңы сезонунда алгачкы жолу 2 лигада мелдештер өтүүдө. Анда Жогорку Лигада 7 команда таймашса, Биринчи Лигада 13 команда күч сынашууда.
Жогорку Лигадагы командалардын тизмеси:
Биринчи Лигадагы командалардын тизмеси:
Жогорку Лигадагы 3-турдун жыйынтыгы:
"Гиннес 29"-"Мой телефон" - 92:69
"Гризли"-"Тулпар СКИФ" - 44:89
КТУ "Манас"-"Политехник" - 38:93
Биринчи Лигадагы 3-турдун жыйынтыгы:
"Токмок"-"Цементник" - 57:73
"Манас"-"КГЮА" - 74:57
"Тулпар СКИФ 2"-"КСТУ колледж" - 84:23
"Fire 29"-"Кемин" - 112:62
"Тоо Таш"-"Политехник 2" - 78:66