Бир жыл мурун: 39 адамдын өмүрүн алган Боинг учагы... Кырсык кайталанбашы үчүн жетиштүү чаралар көрүлдүбү?

Былтыр 16-январда таңкы саат 7:17 чамаларында түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы "Манас" аэропортуна жакын турган Дача-СУ аймагына кулап, анда жергиликтүү 35 жай тургун, учак экипажынын төрт мүчөсү каза болуп, бир нече үйлөр кыйраган. Бул каргашалуу окуяга бир жыл болгону менен, кырсыктын чоо-жайы дале так айтылбай келет.

Кырсыкка ким күнөөлүү?

Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин божомолу боюнча окуяга учкучтар күнөөлүү экендигин айтты. Бирок бул акыркы тыянак эмес.

"Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин алдын ала берген божомолу боюнча учкучтар күнөөлүү. Дүйнөлүк практикада башка да ойлор болсо, аны талкуулашы керек. Азыр Түркиянын авиацияга жооптуу органдарынын, учакты чыгарган заводдордун өздөрүнүн ойлору болуп жатат. Аны кылмыш ишинин алкагында тергеп аталган комитет жыйынтык чыгарат".

Анын билдиришинче, учак "Манас" аэропортунан күйүүчү май куюу үчүн жана Бишкекте эс алып жаткан экипаж мүчөлөрүн алмаштыруу максатында конмок болгон.

"Гонконгдон Стамбулга жетүү үчүн 64 тонна күйүүчү май керек болгон болсо, конуу учурунда 25 тонна гана калган. Майды куюп алып, андан ары учуп кетишмек".

Кыргыз мамлекетине келчү жүктүн ээси ким?

ACT Airlines компаниясынын кырсыктан кийин тараткан маалыматында учак күйүүчү май куюуга эмес, жүк таштоо үчүн конуп жатып кырсыкка кабылганы айтылган. Анда 85 тоннага жакын жүктүн ичиндеги 2 тонна зажигалка Казакстанга тийиштүү "JTI Kazakhstan LLC" деген компаниянын буйрутмасы менен Бишкекке алынып келмек. Зажигалкаларды буюртма кылган "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын Кыргыз жериндеги өкүлчүлүгү "Japan Tobacco International SA" компаниясынын филиалдарынын бири экени аныкталган.

Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты кирген депутаттык комиссия чыгарган жыйынтыгында ал жүк алгач Стамбулдагы логистикалык борборго жеткирилип, андан кийин Кыргыз мамлекетине алып келинери көрсөтүлгөн. Комиссия курамына кирген депутат Максат Сабировдун ЖМКларга билдирген маалыматына ылайык, жүк боюнча бардык документтер каралып чыгып, бирок Кыргыз мамлекетинин жарандарына таандык жүк болбогону аныкталган. Комиссия аягына чейин тергеп чыгуу үчүн Башкы прокуратурага тапшырма бергенин жарыялаган.

Кырсык боюнча Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган тергөө тобу да түзүлүп, ишти тергеп башташкан. Бирок жыйынтыгы азырынча аягына чыга элек.

Кандуу аяктаган каттам токтотулган

Учак ээси "АСТ Havayolları" компаниясы Гонконг-Бишкек-Стамбул авиакаттамы аркылуу жүк ташууну кырсыктан кийин токтотконун "АСТ Airlines" компаниясынын башкаруучулар коллегиясынын мүчөсү Хамза Тыглайдын сөзүнө таянып 13-январда айрым ЖМКлар жазып чыкты. Эгерде Боинг-747-400 кырсыкка кабылбаганда аталган компания Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамынын жадыбалына ылайык 2017-жылдын 20-мартына чейин өз ишин улантмак. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын жыйынтыгына ылайык, ТК 6491 каттамындагы бул учак 2016-жылдын октябрь айынан 2017-жылдын 16-январына чейин Бишкекке 52 жолу конгон. "Кыргыз аэронавигация" мекемесинин маалыматы боюнча, 49 жолу конгон.

Компенсациянын көлөмү ачыкталбаган бойдон калды

Жарандык коргоо комиссиясы Дача-СУдагы келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн 195 миллион сомго барабар деп эсептеп чыккан. Каза болгондордун жакындары жана жапа чеккендерге жардам үчүн деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине эл тарабынан 102 миллион 160 миң 180 сом 55 тыйын чогултулган. Андан кийин түрк компаниясы эки бөлүп акча которгон. Бирок анын суммасы ачыкталган эмес.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин билдиришинче, элден чогулган акчаны жана түрк компаниясынын компенсациялык төлөмдөрү калыс жана баарын нааразы кылбаган жагдайда бөлүштүрүлүп берүүгө толук шарт түзүлгөн. Бирок түрк компаниясынын компенсациялык төлөмдөрү жабыркагандардын каалоосуна ылайык, ачык айтылбай турганын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, элден чогулган акчадан жакынын жоготкон үй-бүлөлөргө 2,3 миллион сомдон 12,15 миллион сомго чейин төлөнүп берилген. Ал эми ден соолугу, үй мүлкү жагынан зыян тарткан жарандарга жана айылдын тургундарына да тийиштүү жардамдар берилген. Кырсыктан 12 үй толугу менен, 19 үй жарым жартылай жабыркаган. Аталган айылдын башчысы Максым Султановдун маалыматына караганда, айылда жалпы 290 түтүн болгон. "Белгиленген кызыл тилкеде 60 үй-бүлөнүн үйү жана курулушу жок жер тилкелери бар болгон. Баары көчүрүлгөн. Ал эми айылды жалпы көчүрүү иши азырынча белгисиз. Азыр айылга таза суу чыгарып, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун куруп бүттүк".

Кырсыктан кийинки кесепет

Кырсык учурунда айрым тургундар ден соолугунан жапа чеккен. Кээ бири дарылануудан кийин ден соолугу калыбына келгени менен, кээ бири жаракаттары менен дале күрөшүп келет. Исак Анарбаев аттуу тургундун мектепте окуган кызы катуу коркуп калып, оорукчан болуп калган. Быйыл 7-класста окуусу керек болгон кызын Бишкекте ижарага алынган батирде кезектешип карап келишет. Өзүнүн айтымында, ал кызы мындан эки ай мурун муунуп алып, бактыга жараша, аман алып калышкан.

"Ошол күнү эки кызым катуу коркуп калган. Кичүүсү айыгып, улуусу азыркыга чейин жакшы боло элек. Быйыл 7-класста окумак, окубай да калды. Ооруканага көрсөткөнүбүздө дарыгерлер берген дарылар тескерисинче кызыбызды оорулуу кылып койду. Ал дарыны берсек уктап калат да, бербей койсок көздөрү кызарып, тура албай калчу болуп калды. Кийин биротоло бербей койдук. Эки ай мурун жипке асынып алган экен неберебиз көрүп калып, аман алып калдык. Куран окутуп, атын башка койдук. Азыр эми шаардан ижарага батир алып, ошол жакта кезектешип карап жатабыз. Бул жакка келсе эле учак түшкөн жерди көрсөтүп "мени чакырып жатышат" деп ыйлай берет. Анын үстүнө биз кызыл тилкеге өтө эле жакынбыз. Бизге чейинки үйлөрдү көчүрүп кетип, биздин катардан 5-6 үйдү калтырып салган. Өз алдыбызча көчүп кетели десек, шартыбыз жок. Элден чогулган акчадан 70 миң сом, кийин түрк компаниядан келген акчадан 3-4 миң доллардын тегерегинде акча алдык. Ал акча жер тилкесин алууга да жетпейт. Өкмөт эптеп көчүрүп жиберсе жакшы болмок. Күнүнө учак өткөн сайын коркуп отурабыз качан кулап кетет деп".

Кызыл тилкеге жакын жашаган Улан Садыров аттуу жаран да психикалык жактан жапа чеккен. Эл тарабынан чогултулган акчадан 100 миң сом жардам алганын айтат. Бирок ал акчаны үйүнүн чатырын оңдоого жумшаган.

"Ошол күнү өлүктөрдү уранды алдынан алып чыгууга жардам берип жүрүп психикалык жактан ооруп калгандыктан азыркы күнгө чейин дары ичем. Катуу чочуп да калгандыктан учак учуп өткөндө үйдөн качып чыккан учурларым болду. Кээде түн ичинде уктай албай чыгам. Медициналык экспертизадан өткөнүмдө ден соолугума зыян болгону аныкталган. Бирок мага үйүмдүн талкаланган чатырын оңдоо үчүн деп 100 миң сом эле беришкен".

Айылдын башка тургундары эл тарабынан чогулган акчадан 25 миң сомдон алышканын айтышат. Бирок алар акча эмес, айылга статус берүү маселеси чечилишин талап кылып келишет. Дача-СУ жана Учкун-2 конушунун тургундары бул маселе боюнча Ак Үй алдына митингге чыгышкан.

13-январда каза болгондордун элесине арналып, алардын жакындарынын демилгеси менен курулган эстеликтин ачылышы болду. Эстелик мрамор таштан жасалып ортосунда учактын канаты кулап келе жаткан элес түшүрүлсө, анын эки жагына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан