Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Бажы кодекси боюнча мыйзамында ката кетирген өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароону сунуштады.
"Бул маселени бүгүн караганга жетишпейбиз. Кийинки жыйында Бажы кодекси боюнча мыйзамында ката кетирген өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароону сунуштайм. Премьер-министр бир-эки адамды кызматтан алып, кээ бирлерине сөгүш жарыялаптыр", - деди Масалиев.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков сунуш эске алына турганын айтты.