"Премьер-министр Сапар Исаков Талас облусуна барганда бүт техникалар жолду тазалап иштеди. Ал кеткенден кийин бир да техника жок", - деди бүгүн, 16-январда КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков парламент комитетинин жыйынында.
"Өткөн жумада өкмөт башчы Таласка иш сапары менен барды. Мен андан бир күн мурун чыктым. Транспорт жана жолдор министрлигинин техникалары ошол жерде жүрөт. Өтмөктөн баштап, Төө-Ашууга чейин тазалоо иштери жүрдү. Бишкек шаарына өкмөт башчыдан бир күн кеч келдим, техниканын бири жок. Силер эмне премьер-министр үчүн эле иштейсиңерби? Өкмөт башчы кетти, баары кетти. Карапайым эл анын баарын көрүп жатат. Силер карапайым адамдарга аткаминерлерге түзгөн шартты түзүп бербей жатасыңар. Андай болбошу керек", - деди Момбеков.
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев техникалар башка жакка тартылганын айтты.
"Токтогул районунан Толук айылына карай кар көчкү түшкөндүктөн бардык техникалар ал жакка тартылган. Ошондуктан сиз кайра келе жатканда техникаларды көргөн жоксуз", - деп жооп берди Жусубалиев.