Саясий серепчи: "Жогорку Кеңеш жазында таратылышы мүмкүн"

Жогорку Кеңеш жазында таратылышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG`ге саясий серепчи Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын пикиринде, президенттик шайлоодон кийин парламенттеги саясий түзүлүш менен коомдук саясий архитектурада дал келбөөчүлүктөр орун алууда.

"Азыр Жогорку Кеңеште алты фракция бар. Бирок өткөн президенттик шайлоодон кийин коомдо андай конструкция жок. Ошондуктан парламент коомдогу саясий архитектуранын күзгүсү боло албай калды. Элдеги саясий архитектура парламентте башкача болууда. Эл аралык тажрыйбада дайыма коом менен парламент архитектурасы бирдей болушу керек", - деди Бакетаев.

Бакетаев билдиргендей, акыркы мезгилде парламентте отурган айрым партиялар коомдогу колдоосунан ажырап калган.

"Учурда Жогорку Кеңешке жаңы конструкция керек болууда. Аны эл өзү тандайт. Азыр көп партияларды эл колдобойт. Анткени айрым партиялардын коомдогу таяна турган коомдук, партиялык пайдубалы урап, жок болуп калды", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан