Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Бакыт Төрөбаев юстиция министри Уран Ахметов жыйынга даярданбай келгенине нааразы болду.
Депутаттар Ахметовго “Мамлекеттик алым жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча комитеттин, Башкы прокуратуранын чечими тууралуу суроо беришкен. Юстиция министри чечим өкмөттүн өкүлүндө бар экенин айтты.
Бакыт Төрөбаев Ахметовго: "Сиз юрист болгондуктан бардык мыйзамдарды билишиңиз керек. Башкаларга шылтабай, суроолорго так жооп берүүңүз зарыл. Кесиптештерим суроо берип жатса, жооп бере албай жатасыз. Сиз министрсиз да, бул кызматты уят кылбаңыз. Мыйзам долбоорду артка кайтарып, министрге даярданганга убакыт берели", - деп кайрылды.
“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова бул мыйзам долбоорду артка кайтарууну сунуштады.
Аталган фракциядан депутат Кенжебек Бокоев менен “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев мыйзам долбоорду иштеп чыгууга жөнөтүү керектигин айтышты.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорду күн тартибинен алып салуу чечимин кабыл алышты.