Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутаттар мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу ыкмасы начар болуп жатканын айтышты.
КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев мамлекеттик мүлктөр арзан баада жеке менчикке өтүп жатканын билдирди. "Мамлекеттин менчигиндеги имараттарды ижарага берүү тартибин кайрадан карап чыгып, бүтпөй калган курулуштарга да көңүл буруу керек. Өлкөдөгү бардык мамлекеттин менчигиндеги мүлктөрдүн санын тактап чыгып, алардын ишине көңүл буруу зарыл", - деди Арапбаев.
Аталган фракциядан депутат Айнура Осмонова Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду, ийгиликтүү иштеген жана начар абалдагы мамлекеттик ишканаларды тактап, ага жараша атайын иш план иштеп чыгууга чакырды.
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу маселелери талкууга алынды.