Назарбаев Трампка АКШ менен Орусиянын ортосундагы саясий мамилелердин начарлаганына тынчсыздануусун билдирди

16-январда үч күндүк расмий иш сапары менен Вашингтонго барган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Трамп аймактык коопсуздук маселесинде Казакстан маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Ооганстанда терроризм менен күрөшүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылыгын айтты.

Назарбаев Трамптын президент болуп шайланышынын бир жылдыгы менен куттуктап, АКШ менен Орусиянын ортосундагы саясий мамилелердин начарлаганына тынчсыздануусун билдирди.

“Американын көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүгүбүзгө көрсөткөн колдоосун Казакстан жогору баалайт”, - деди Назарбаев.

Назарбаев Казакстанда америкалык ири мунай компаниялар иштеп жатканын эске салды. Ал казак тарап америкалык компаниялар менен 7,5 миллиард АКШ долларына тете 20дан ашуун келишим түзүүнү пландап жатканын айтты.

Казак лидеринин билдиришинче, Астана “Боингдерди” жана "Женерал Электриктен" 900 электровозду сатып алууну көздөөдө.

Айта кетсек, акыркы жолу Назарбаев АКШда расмий иш сапары менен 2006-жылы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан