Бүгүн, 17-январда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү багытында өлкөнүн жакынкы жылдардагы биринчи кезектеги милдеттери жана максаттары талкууланды.
Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгон кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системдерди өнүктүрүү программалары кабыл алынганын белгиледи.
"Бул аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыктын максаты - бардык ички резервдерди толук пайдалануу менен аймактарды өнүктүрүү. Мен аймактарды көп кыдыргам, облус жетекчиси болгом. Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Аймактарга кайсы жетекчи барбасын, жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда бирдей эле көйгөйлөр айтылат – таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык систем, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө”, - деп белгиледи Жээнбеков.
“Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары белгилүү бир план, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат”, - деп президент бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюуга чакырды.
Ошондой эле президент жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүп, аны менен бирге аймактарды өнүктүрүүдө жер-жерлердеги маселелерди убагында чечүү максатында алардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков парламент менен өкмөткө өлкөнү өнүктүрүү жана экономиканын туруктуу өсүшү үчүн бийликтин бардык бутактарынын алдында турган тапшырмаларды аткарууда эриш-аркак иштөөнү сунуштады.