Премьер-министр Сапар Исаков БУУнун өкүлү Озонния Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Озонния Ожиелону Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу координатору катары миссиясынын башталышы менен куттуктады.
"Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы жана БУУнун кызматташтык деңгээли кыйла жогорулады. Анын алкагында республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Муну эске алуу менен БУУ институттары менен аталган багытта өнөктөштүктү улантууга даярдыгыбызды билдиргим келет, анткени БУУнун программалары биздин жарандардын жашоосун жакшыртууда маанилүү ролду аткарууда", – деп белгиледи премьер-министр.
Озонния Ожиело БУУнун бүтүндөй жумушу алардын астына Кыргыз өкмөтү жана жарандары койгон милдет жана маселелердин тегерегине топтоштурулгандыгын белгиледи.