Бүгүн, 18-январда Бишкекте Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосунда Чүй жана Талас облустарындагы суу ресурстарын пайдаланууну башкаруу боюнча стратегиялык программа талкууланып жатат. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана адистер катышууда. Талкуу эки күнгө созулат.
Программа 2018-жылдан 2040-жылга чейин колдонулат. Анда суу бассейндериндеги сууну натыйжалуу пайдалануу, сууну таза сактоо, жер жана башка жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу чаралары камтылган.
Белгилей кетсек, Казакстан стратегиялык объект катары аталган эки облустун суу сактагычындагы суулардын 70-80 пайызын пайдаланып келет.