КҮНСЕРЕП: Мамлекеттин сотунан өткөн Текебаевди эми түрмөнүн сотуна салып беришеби?

Бүгүн, 18-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Ысык-Көлдүк ишкер Аскат Асанкадыров мамлекеттик тийиштүү органдар жарандарды, бизнес чөйрөсүн криминалдан коргобой жатышканын айтып, маселе көтөрүүдө.

2018-жылдын 7-январында Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Осьминог" кафеси түшүнүксүз жагдайда өрттөнүп кеткен. Бир жагдай болбогондо бул окуя кадимки өрт кырсыгы катары кабыл алынып кала бермек. Кафенин ээси Аскат Асанкадыров өрт өч алуу, опузалоо максатында криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү тарабынан жасалды деген арызын айтып, парламент депутаттарына, ММКлар аркылуу коомчулукка кайрылууда. Аталган кафенин ээсинин айтымында, кылмыш дүйнөсүнүн 2 өкүлү андан 500 доллар талап кылышкан. Ишкер мындай "салыкты" төлөөдөн баш тартып, укук коргоо органдарына арыз жазып, шектүүлөр ошол 500 доллар менен колго түшүрүлгөн. Бул арыз боюнча 2 адам кармалып, шарттуу соттолгон соӊ эркиндикке чыгышкан. Жабырлануучу Аскат Асанкадыровдун айтымында, эркиндикке чыккан соӊ кайра ишкерге чалып өч аларын билдиришкен. Андан көп өтпөй ишкердин кафеси өрттөнүп кеткен.

Ишкердин айтымында, криминалдык чөйрөнүн опузасы кафенин өрттөлүшү менен токтогон жок. Кечээ "Азаттыктын" эфиринде, өзүнө ушул тапта белгисиз адамдар телефон чалып, "кафенин өрттөлүшү биринчиси гана, сага алдыда көптү көрсөтөбүз" деген өӊдүү сөздөр менен коркутуу жүрүп жатканын билдирди. Ишкерликти колдоо, бизнести криминалдык салыктардан коргоо, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн бүгүнкү абалы так ушундай. Тилекке каршы, Кыргыз жерин бизнестин бейишине айлантуу убадалары азырынча кыял гана. Адатта, жарандар эртеӊки күнүн ойлоп, жеке коопсуздугу үчүн "каралардын" үстүнөн арыз жазбай кала берүүгө аргасыз болушат. Ал эми бизнесин "каралардан" коргоп берүүнү суранып кайрылган адамды күч органдары коргоонун ордуна "тоной" башташтыбы? Анткени ишкер Асанкадыров жогорудагы 2 кылмышкер алып жатып кармалган 500 доллар "жоголуп" кеткенин билдирди. "Эгер бул акчаны бийлик деле жоготуп жиберчү болсо, анда аны ошол крим чөйрөнүн адамдарына салык катары берип эле тынч жашасам болмок" деген мааниде өкүнүүдө.

Кылмышкерлердин жазадан оӊой кутулуп жатышы, бизнес өкүлүнүн бул окуясы тармак кескин реформаларга муктаж экенин көрсөтүүдө. Азыркы тапта Ысык-Көл облустук милициясын Октябрь Урманбетов, Ысык-Көл облустук прокуратурасын Майрамбек Таалайбеков, Ысык-Көл облустук сотун Айбек Молдакунов жетектейт. Криминал күчтүү делген Ысык-Көл аймагында тартип, мыйзамдуулук орнотуучулар ушулар. Өткөн аптада Жогорку Кеӊеште депутат Дастан Бекешев ушул маселени көтөрүп, криминалдык чөйрө мындай жоруктары менен мамлекеттин ал-күчүн байкап көрүп жатат, бул бир гана ИИМ эмес, УКМК да карай турган маселе, анткени сөз калктын коопсуздугу тууралуу да жүрүүдө. Мамлекет уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүсү керек деп маселе көтөргөн.

Ишкердин 500 доллары кимдин чөнтөгүнө кирип кетти? ИИМ бул фактыны моюндап, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Жогорку Кеӊештин депутаты Эльвира Сурабалдиева уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн көмүскөдөгү калкалоочулары Жогорку Кеӊеште отурганын айтып, бирок алардын аттарын атаган жок. Бул депутат парламентке бизнестен келген. Учурунда мындай опузалоолорду башынан өткөргөн адам. Элге уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары таанымал адамдар түрмөдөн четинен эркиндикке чыгып жатышат. 2013-жылы "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, аэропортко чейин Жазаларды аткаруу кызматынын коштоосунда барып, чет өлкөгө учуп кеткен. 2011-жылы октон каза болгон милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелип кармалган Кадырбек Досоновду (каймана аты Женго) 2017-жылы Жогорку Сот толук актады. Ал эми 2017-жылы адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу өӊдүү беренелер менен райондук сот тарабынан 18 жылга соттолуп, кийин Бишкек шаардык соту тарабынан жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып 13 жылга, Жогорку Сот тарабынан 7 жылга кесилген Чыӊгыз Жумагулов (каймана аты Дөө) бүгүн эркиндикке чыкканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жарыялады. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз жерин ишкерлер үчүн бейишке айландыруу убадасы куру сөз эместигин, мамлекет ишкерликти колдоп-коргоп аларын өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баш болгон КСДПнын бийликтеги кадрлары ушундай окуяларда көрсөтүүсү кажет...

"Мегаком" чыры боюнча 25 жылга кесилген Алмазбек Абеков түрмөдөн салам-дубай жолдоду. Абековдун абактан жазган каты деп адвокат Икрамидин Айткулов интернетке көлөмдүү кат жарыялады. Анда 8 жылга соттолуп, учурда №47-түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевди "камерада жалгыз жатат, "зонанын" сотуна өзүн салып бербей жатат" деген нааразычылык айтылат.
Текебаев башкаларга аралаш кармалса, "зонада" ага берилүүчү суроолор көп эле дейт Абеков. Ал бир дагы күн бийлик башына келе элек Текебаевден 2010-жылдан бери эмне үчүн элди тоноо тыйылбаганын, эмне үчүн электр энергиясынын баасы дагы эле кымбаттап жатканын, сот реформасы эмнеликтен ишке ашпай калганын сурамакчы.
Эскерте кетсек, "Мегакомдун" директорунун мурдагы кеӊешчиси Алмазбек Абеков жана башкалар уюлдук компанияга 142 миллион сом зыян келтирүүгө шектелип 2012-жылы камакка алынган. 2016-жылы Абеков 25 жылга, калгандары 12 жана 8 жылга кесилген. Абековдун көрсөтмөсү 2017-жылы Текебаевге таандык делген “Сентябрь” телеканалына маалыматтык чабуул жасоо ишинде да колдонулган. Тагыраагы, былтыр КТРКнын эфиринен "Сентябрь" тууралуу сюжет көрсөтүлгөн. Анда билим берүү багытындагы "Алиппе" телеканалынын жабдууларын "Сентябрь" тартып алган деп айтылып, "Алиппенин" мурдагы кожоюну Алмазбек Абековдун абакта отуруп берген кеӊири маеги берилген.

8 жылга соттолгон Өмүрбек Текебаевди түрмөдөн ооруканага которууну суранып Жогорку Кеӊештин депутаттары өткөн аптада Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайралышкан. ЖАМК депутаттардан кайрылуу түшкөнүн ырастап, "Ата Мекендин" лидери медкароодон өткөрүлгөнүн жарыялады. Түрмөдөгү өкүлдөрдөн жогорудагыдай салам-дубайлар жибериле баштаганынан улам Текебаевдин өмүрү коркунучтабы деген суроолор козголо баштады. 7 жылга соттолгон Чыӊгыз Жумагуловду 1 жылдан соӊ эркиндикке чыгара алган ЖАМК Жогорку Кеӊештин депутаттарынын Текебаев боюнча өтүнүчүнө кандай жооп берер болду экен?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан