Президент ипотекалык насыянын 8-10 пайыздык чени айрым жарандар үчүн оор болуп жатканын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда каржы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо маселеси, социалдык турак жайларды куруу жана ипотекалык насыяларды өнүктүрүү боюнча көйгөйлөр жана сунуштар талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик программанын алкагында турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү маселеси турганын белгиледи.

Жеткиликтүү турак жай” мамлекеттик программасы социалдык жактан багытталган программа. Ипотекалык насыялоо боюнча тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган. Биринчи кезекте бул программаны ипотекалык насыялоо менен саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын кызматкерлери колдонушу керек. Буга байланыштуу чендерин белгилеп жатканда жарандардын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эсепке алыш керек. Бүгүнкү күндө белгиленген 8-10 пайыздык чен жарандардын айрым категориялары үчүн оор бойдон калууда”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Каржы министри Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев жылдык пайыздык ченди 6 пайызга чейин акырындап төмөндөтүү милдетин ишке ашыруу үчүн каржы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

Бул жылы биз ипотекалык насыялоонун чендерин 7 пайызга чейин жеткирүүгө жана бул жылдын аягында, кийинки жылдын башында насыялар 6 пайыз менен бериле тургандай кылып аракет кылабыз. Бул чен менен биз 2017-жылы Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жабыркап, үй-жайсыз калгандар үчүн насыяларды берип жатабыз. Бул багытта жалпы суммасы 100 миллион сомго 345 насыя бөлүнүп берилди. Биз бардык бюджеттик кызматкерлерге 7 пайыздык чен менен ушул жылы бере баштайбыз”, - деп билдирди Шамкеев.

Президент ошондой эле бюджеттик эмес тармакта иштегендерге ипотекага турак жай алуу үчүн насыяларды берүү милдетин койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан