Сапар Исаков Финляндиянын инновациялык технологиялар жаатындагы тажрыйбасына кызыкдар экенин айтты

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 18-январда Бишкекте Финляндиянын парламенттик делегациясы менен жолугушту. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу темалар талкууланды.

Премьер-министр өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары карай чыңдоо зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарапка Финляндиянын демократиялык институттарды өнүктүрүү жана технологиялык долбоорлорду ишке ашырууда инвестицияларды тартуу тажрыйбасы кызыкчылык туудурарын билдирди.

Ошондой эле Финляндиянын билим берүү, саламаттыкты сактоо жана алдыңкы инновациялык технологиялар жаатындагы тажрыйбасын иликтөө үчүн ата мекендик адистерди жөнөтүүгө кызыкдар экенин айтты.

Буга катар өкмөт башчы учурда Кыргыз мамлекети тоо тектеринин үлгүсү – кернди сактоого жана иштетүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап керн жана курулушуна муктаж болуп жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал Финляндия тараптан мындай сактоочу жайларды биргелешип куруу мүмкүндүгүн карап көрүүнү өтүндү. Андан сырткары соода мамилелерин активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Финляндия парламентинин депутаты Вилле Скиннари эки тараптуу мамилелерди, анын катарында өлкөлөр ортосундагы парламенттик байланышты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Анын айтымында, Борбор Азия аймагы жалпысынан алганда Финляндиянын тышкы саясатындагы стратегиялык багыттардын бири болуп саналат.

Вилле Скиннари маалымдагандай, парламенттик делегациянын Кыргыз мамлекетине жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлгөн, алардын жүрүшүндө ар кыл программаларды биргелешип ишке ашыруунун келечектери кенен талкууланган.

Ал Финляндия үчүн эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары катары туризм, билим берүү жана энергиянын жаңыланып туруучу булактары эсептелерин баса белгиледи.

"Жакынкы келечекте Финляндия Борбор Азия мамлекеттери менен түз авиакаттамдарды ачуу үстүндө иш алып барат, анткени аталган аймак чоң туристтик мүмкүнчүлүктөргө ээ", - деди Вилле Скиннари.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан