Кечээ, 18-январда Нью-Йорктогу Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушту. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
"Нью-Йорктогу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында кыргыз жана орус элинин тышкы иштер министрлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, министрлер эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу, Кыргыз мамлекети менен Орусиянын БУУнун алкагындагы карым-катнашы жана күн тартибиндеги актуалдуу суроолордун негизинде талкуу жүргүзүшкөн.