Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы жол коопсуздугуна арналган жыйын өткөрүүдө. Анда "Акылдуу шаар" долбоору боюнча депутаттардын көп суроолору ортого салынды. Депутат Жыргалбек Турускулов өлкөдөгү шаарларда "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн өкмөт Huawei компаниясына ишеним берип жаткандыгынын себептерине кызыкты.
"АКШ, Австралия, Индия биздин өкмөт тандаган Huawei компаниясы менен кызматташуудан баш тарткан. Аны аталган өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна таасир берет деп негиз келтиришкен. Эмне үчүн бул эл аралык кадыр-барктуу компания деп биздин өкмөт бул компанияга ишеним артып жатат?" - деди Турускулов.
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев аталган компаниянын эл аралык кадыр-баркы жогору жана дүйнөдөгү ири шаарлар менен кызматташууда тажрыйбасы бар экенин айтты.
"Аталган компания дүйнөдөгү ири шаарлар Шанхай, Гуанчжоу, Дубайды тейлейт. Huawei -телекоммуникациялык жабдыктарды чыгарган дүйнөдөгү кадыр-барктуу компаниялардын бири. Биз да билебиз компания Кытай өкмөтүнүн көзөмөлү алдында иш алып барат", - деди Кенекеев.