Орус парламенти Кыргыз өлкөсүнүн 240 миллион доллар карызын кечүү протоколун ратификациялады

Орусиянын мамлекеттик думасы Кыргыз өлкөсүнүн 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялады. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

"2012-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Орусияга болгон карызы 488,9 миллион долларды түзгөн. 2013-жылдын май айында Орусия 188,9 миллион, 2016-2017-жылдары 60 миллион доллар карыздан кечкен", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Орусия тараптын дагы 240 миллион карыздан кечүү тууралуу протоколго экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 20-июнунда Москвадагы жолугушуусунда кол коюшкан.

Бул макулдашуунун протоколун Жогорку Кеңеш былтыр 2-ноябрда ратификациялап, мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы 9-декабрда кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан