Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 19-январда жыйында КСДП фракциясынын бир катар депутаттарынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин дарегине айтылган сын-пикирине байланыштуу оюн билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган министрликте жана жалпы агрардык сектордо реформалар башталган. Алар министрликтин функцияларын кайрадан карап чыгууга, "Таза Коом" программасынын алкагында алардын ишинин натыйжалуулугун, экспорттук мүмкүндүктү жогорулатууга, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгын жана алардын жаңы рынокторго чыгуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга тийиштүү болуп саналат. Натыйжалуу айыл чарба кооперативдерин түзүүгө чоң күч жумшалууда.
"Дүйнөлүк агрардык экономикага интеграциялашуу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жетишүү зарыл. Ал үчүн өндүрүлгөн продукция арзан түшүп, ал эми сапаты жана эмгек өндүрүмдүүлүгү жогору болушу кажет. Бул көрсөткүчтөргө өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүүнү, ташууну жана сатууну уюштуруу, заманбап техника жана жабдууларды киргизүү, инвестициялар менен иш алып баруучу өндүрүштүк жана керек-жарак кооперативдерди түзүү жана алардын ортосундагы кооперациялык байланыштарды уюштуруу аркылуу жетишүүгө болот. Бул фермерлердин иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү бирден-бир мыкты дүйнөлүк тажрыйба болуп саналат", - деди Сапар Исаков.
Премьер-министр билдиргендей, депутаттар тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн көбү чындыгында орун алууда.
"Агрардык секторду өнүктүрүү иштери боюнча көп жылдардан бери топтолгон чоң кемчиликтер бар экенине макулбуз. Өкмөт тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча депутаттар тараптан түшкөн сунуштар үчүн ачык жана кызыкдар тараптар менен тийиштүү консультацияларды өткөрүүгө даяр. Буга байланыштуу конкреттүү сунуштарды алууну каалайт элек", - деди Сапар Исаков.
Эске салсак, кечээ КСДП фракциясы айыл чарба тармагында иш жакшы жүрбөй жатканын айтып, тийиштүү министрликти сындаган.