ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Макеев 48 жашка толду

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Нурланбек Макеев 1970-жылдын 21-январында Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган. Ал 1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча, 2007-жылы өкмөткө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны каржы жана насыя адистиги боюнча бүтүргөн.

1988-жылы Кочкор районундагы “Кочкорка” ЭОГПЗында автослесарь;

1997-2000-жылдары Бажы иштери боюнча “Туркуаз” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары;

2000-2001-жылдары “Дамла-Транс ЛТД” ЖЧКсында башкы директору;

2001-2002-жылы Каржы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери;

2002-2004-жылдары Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык финансы полициясы башкармалыгынын бажылык укук бузуулар, кыянаттык кылуу жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери;

2004-2005-жылдары Каржы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Бишкек бажы ЖТКнын башчысынын орун басары;

2005-2010-жылдары “Манас” бажыканасынын башчысы;

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

21-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан